• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери жолукту. Талкууланган маселелер

Саясат 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-майында Кытайдын Сиань шаарында расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-кытай кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону андан ары кеңейтүү, «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттарынын ишмердигин оптимизациялоо, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргызстанда гранттык долбоорлорду ишке ашыруу, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын алдындагы мамлекеттик карызын жөнгө салуу, Кыргызстандын экономикасына кытай инвестицияларын тартуу, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду илгерилетүү маселелерине көңүл бурушту.

Министр Ван И кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын аракеттерин белгиледи.

Тараптар аймактагы тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, Борбордук Азиядагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, бардык келип чыккан маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулуу, эл аралык кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн макул болушту. Конкреттүү муктаждыктар жана талаптар жөнүндө кошумча маалымат берилген шартта жаңжал аймагында жабыркаган Кыргыз Республикасынын калкына кытай тарап жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

"Кытай Өкмөтү Кыргызстан эли тандап алган өнүгүү жолун урматтайт, жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун реформаларын колдоого даяр экендиги айтылды. КР менен КЭР ортосундагы эки тараптуу кызматташууда алар коңшулардын ортосундагы мамилелерди түзүүнүн үлгүсүн көрсөтүүсү керек", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы КЭРдин жетекчилигине ушул жылдын март айында 150 миң доза көлөмүндө кытай вакцинасын акысыз негизде бергендиги үчүн жана COVID-19га каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр Ван И Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин эске алып, Кытай тараптын чечими жөнүндө төмөнкүлөрдү маалымдады:

- 150 миң доза көлөмүндөгү кытай вакцинасынын экинчи партиясын акысыз негизде гуманитардык жардам катары берүү;

- Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоо үчүн 350 миллион юань (54 миллион АКШ долларына жакын) өлчөмүндө грант бөлүү;

- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын алдындагы мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу үчүн кошумча үстөк койбоо жөнүндө;

- COVID-19 пандемиясынын айынан убактылуу токтотулган гранттык долбоорлорду ишке ашырууга катышкан кытайлык адистерди Кыргыз Республикасына жөнөтүү;

- Кыргыз Республикасына азык-түлүк жардамын көрсөтүү маселесин карап чыгуу.

Кыргыз Республикасынан Кытайга экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын (картошканы, буурчакты, рапсты жана жүзүмдү) экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө кытай тараптын кызыгуусун билдирди.

Андан ары «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу максатында алардын ишмердигин оптимизациялоо боюнча аракеттер көрүлө тургандыгы белгиленди.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери эл аралык күн тартибиндеги башка актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, эки мамлекеттин БУУнун жана башка авторитеттүү эл аралык уюмдардын алкагында конструктивдүү өнөктөштүккө берилгендигин ырасташты.

КРнын тышкы иштер министри Р. Казакбаевдин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мырзага ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына расмий иш-сапары менен келүүгө чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алды жана анын деталдары дипломатиялык каналдар аркылуу кошумча макулдашылат.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, сүйлөшүүлөр достук маанайда жана талкууланган бардык маселелер боюнча толук өз ара түшүнүшүү духунда өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2022-2023-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий