• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Латвиянын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс менен жолугушту. Булл тууралуу ТИМдин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле ТИМдер аралык саясий консультациялар жана Латвиянын жогорку делегациясынын жана бизнес өкүлдөрүнүн 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтүүчү Европа Биримдиги - Борбор Aзия биринчи экономикалык форумуна катышуусу аркылуу саясий диалогду тереңдетүүгө басым жасашты.

Соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Министрлер эки тараптуу укуктук базаны кеңейтүү жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү маселелерди талкуулашты.

Афганстандагы абал жана Кыргызстанга афган студенттерин кабыл алуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу өзүнчө каралды.

Тараптар ошондой эле ар кандай эл аралык аянтчаларда бири-биринин демилгелерине колдоо кɵрсɵтүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий