• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Малави дипломатиялык мамиле түздү

Саясат 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Малави Республикасынын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Нэнси Тембо эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча Биргелешкен коммюникеге кол коюшту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Биргелешкен коммюникенин текстинде тараптар дипломатиялык мамилелерди Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун, атап айтканда, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти урматтоо жана бекемдөө, улуттук эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты жана эл аралык келишимдерди талаптагыдай урматтоо жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө сыяктуу принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алуу менен дипломатиялык мамилелерди түзүшкөнү белгиленет.

Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземинин соңунда министр Жээнбек Кулубаев менен министр Нэнси Тембо Кыргызстан менен Малавинин ортосундагы эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте БУУнун алкагында кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий