• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Монаконун ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү

Саясат 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Кыргызстан менен Монако Княздыгынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү. Бул тууралуу КРнын Бельгиядагы элчилиги билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнү тууралуу бирдиктүү коммюникке кечээ Брюссель шаарында КРнын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев жана Монако Княздыгынын Бельгия Королдугундагы элчиси Софи Тевну кол койду.

Документке кол коюу аземинен кийин өз ара мамилелерди өнүктүрүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын линиясы алкагында өз ара аракеттерди ар тараптуу өнүктүрүүгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий