• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Монголия IT технология, экология тармагында кызматташууну арттырууга кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду бекемдөө жана өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-отурумунун жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү, тактап айтканда, айыл чарба, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, транспорттук коммуникациялар, IT технологиялары, экология ж.б. тармактарда кызматташууну арттырууга тараптар кызыкдар экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий