• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Өкмөт 0

Бишек, 30.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Монголиянын айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Хаянгаа Болорчулуун менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Монголиянын айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Хаянгаа Болорчулуун монгол тараптын эки өлкө үчүн кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди активдүү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө жана арттырууга багытталган бир катар маселелерди иштеп чыгуу тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий