• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда 9 документке кол коюлат – Айдарбеков

Саясат 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын Кыргызстанга болгон расмий визитинин алкагында 9 документке кол коюлат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге билдирди.

Ал маалымдагандай, анын арасында маданий-гумантардык жана соода-экономикалык тармакта кызматташууга багытталган документ да бар.

"Андан тышкары, президент Халтмаагийн Баттулганын катышуусунда Кыргызстандагы Монголиянын элчилигинин ачылышы өтөт. Бул Кыргызстанда алгачкы ирет өтүп жатат жана абдан маанилүү окуя", - деди министр.

Белгилей кесек, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, расмий сапары менен Кыргызстанга учуп келди. Монголиянын президенти ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Пикир

Оставить комментарий