• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга менен анын расмий визитинин алкагында бүгүн, 12-июнда өткөн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндөгү Макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы аскерий жаатта кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы менен Монголиянын улуттук коопсуздук Катчылыгынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Протокол;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Монголиянын Билим берүү, маданият, спорт жана илим министрлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

-Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлдиги менен Монголиянын Айлана чөйрө жана туризм министрлиги ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар Мамлекеттик кызматы менен Монголиянын интеллектуалдык менчик боюнча Ведомствосунун ортосундагы интеллектуалдык менчикке жана салттуу билимдерге укукту коргоо жаатында кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен Монголиянын Увс аймагы ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Монголия Башкы архив Башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын илимдер Академиясы менен Монголия илимдер Академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Пикир

Оставить комментарий