• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин кичи элчиси - кеңешчиси А.Эркин Монголиянын Россия Федерациясындагы элчилигинин кичи элчиси - кеңешчиси, Соода өкүлү Данаажав Хасар менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар келечекте кыргыз-монгол кызматташтыгын чыңдоо үчүн байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий