• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Монголиянын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-октябрында Кыргызстан менен Монголиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Батмунхийн Батцэцэг жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жолугушуу Казакстандын Нур-Султан шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференциянын тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынына катышуунун алкагында өттү.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-монгол кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулашты, эл аралык уюмдардын жана түзүмдөрдүн алкагында укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар саясий жана экономикалык чөйрөдөгү практикалык кызматташтыктын конкреттүү маселелерин деталдуу талкуулоо үчүн ТИМдин консультацияларын өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуунун аягында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары өз ара расмий иш сапарларды уюштуруу боюнча чакыруулар менен алмашышты.

Сүйлөшүүлөр достук маанайда жана талкууланган бардык маселелер боюнча толук өз ара түшүнүшүү менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий