• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Науру республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү

Саясат 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Науру республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева жана Науру Руспубликасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Марлен Мозес кол коюшкан.

"Биргелешкен коммюникенин текстинде тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун уставын жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып дипломатиялык мамилелерди орнотушту", - деп билдиришти министрликтен.

Кол коюу аземинен кийин тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле БУУнун линиясы боюнча эл аралык уюмдарга бири-биринин талапкерлерине колдоо көрсөтүү боюнча ниеттерин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий