• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нидерланды COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында Кыргызстанга 100 миң евро бөлүп берди

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Нидерланды Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муктар Жумалиевдин Нидерланды Тышкы иштер министрлигинин Европа департаментинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүм башчысынын орун басары Рейн Деккерс менен видео конференция форматында жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келечекке багытталган пландар жана өз ара аракеттенүү маселеси талкууланды.

Тараптардын ортосундагы маселени иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча нидерланддык тарап Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшүүдө, тактап айтканда, керектүү дары-дармектерди сатып алууга жардам берүү үчүн 100 миң евро акчалай каражат бөлүп берди.

Кыргыз Республикасынын элчиси Жумалиев Нидерланды тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус пандемиясынын жаңы толкунун чыгышында анын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Тараптар ошондой эле Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий байланыштарды жандандыруу жана активизациялоо маселелерин, ошондой эле ушул жылы эки тараптуу консультацияларды өткөрүүнү талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий