• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Омандын ТИМ башчылары ар тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 09.09.22./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Оман Султанатынын тышкы иштер министри Саид Альбусайди менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын жолугушуусу "Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия" стратегиялык диалогунун алкагында өттү.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүүгө, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Министр Кулубаев маектешин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырып, аны омандык кесиптеши ыраазычылык менен кабыл алды. Омандык министр өз кезегинде кыргыз кесиптешин Оманга чакырып, сапарлар менен алмашууну сунуштады

Учурда эки өлкөнүн ортосунда түз чартердик каттамдар жүргүзүлүп, Омандын жарандарына карата Кыргызстанда 60 күндүк мөөнөткө визасыз режим каралгандыгынан улам тараптар достук мамилелерди өнүктүрүү, соода көлөмүн жогорулатуу жана Омандан Кыргызстанга келген туристтердин санын көбөйтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгилешти.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссия түзүүнүн маанилүүлүгүн билдиришти. Бул контекстте Ж.Кулубаев кыргыз тарап Оманга ичүүчү сууну, койдун жана уйдун этин экспорттоого даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда байланыш түзүүгө жана бизнес көргөзмөлөрүнө катышууга макулдашышты.

Жогорку деңгээлдеги сапарлардын жүрүшүндө келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө жана келишимдерге кол коюуга өзгөчө көңүл бурулду.

Ушуга байланыштуу жакын арада тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Жолугушуунун соңунда Кулубаев БУУнун шайлануучу органдарынын алкагында Кыргызстандын талапкерлигин колдоону суранып, Оман тарапты 2022-жылдын 19-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында тоолуу өлкөлөргө арналган иш-чараларга катышууга чакырды.

Альбусайди Оман тарап бул иш-чарага сөзсүз катыша турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий