• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан менен Пакистан билим берүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Коом 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. КРнын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга болгон жумушчу сапарынын алкагында 16-февралда Пакистандын саламаттык сактоо министри Файсал Султан жана Пакистандын медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар жогорку медициналык билим берүү жаатында кызматташуу маселелерин өнүктүрүү, Кыргызстандын медициналык университеттерин лицензиялоо жана аккредиттөө, пакистандык студенттерди Кыргызстанда окутуу үчүн шарттарды жакшыртуу жана Пакистан Медициналык комиссиясы тарабынан КР ЖОЖдорун таануу маселелерин, ошондой эле Пакистандын COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ошондой эле министр Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинде болгондугун ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий