• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Пакистан саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты күчөтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Саламаттык сактоо боюнча федералдык министр рангындагы Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министринин атайын жардамчысы Зафар Мирза менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Исламабад шаарында 2020-жылдын 13-мартында болуп, анын жүрүшүндө тараптар жаңы Covid-19 коронавирустун тез жайылышына байланыштуу дүйнөдө жана региондо түзүлгөн кырдаалды талкуулашып, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Пакистанда оору менен күрөшүүгө байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарап саламаттык сактоо тармагында мындан ары кызматташтыкты күчөтүүгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий