• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Пакистандын медициналык билим берүү тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Тотуяев пакистандык тарапка Кыргызстандагы учурдагы ички саясий кырдаал, өлкөнүн өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан жогорку медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жана жогорку медициналык билим берүү программаларына лицензия берүүгө убактылуу мораторий киргизүү тууралуу маалымат берди.

Жогорку билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана медициналык адистиктер боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистандын медициналык комиссиясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар жогорку медициналык билим берүү тармагындагы эки тараптуу кыргыз-пакистан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана Пакистандын медициналык комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир катар медициналык университеттерин таануу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий