• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аба каттамы жанданат

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын темир жолдор жана авиация министри Хаваджа Саад Рафик менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Атап айтканда, соода-экономикалык, инвестициялык жана техникалык кызматташтык талкууланып, логистикалык каттамдарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды. Буга байланыштуу тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүүгө багытталган биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашты.

Мындан тышкары, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу, ошондой эле Өзбекстан - Афганистан - Пакистан сыяктуу өлкөлөр ортосундагы темир жол байланыш долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын кайра жандантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий