• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта Ислам кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин 48-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Пакистан Армиясынын штабынын башчысы Камар Джавед Баджванын эки тараптуу жолугушуусу болду.

ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулашты, айрыкча терроризм, экстремизм жана анын башка коркунучтары сыяктуу заманбап чакырыктарга каршы турууда күч-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгына басым жасалды.

Министр Казакбаев пакистан тарабына Кыргызстандын аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл буруп жаткандыгы тууралуу маалымат берип, буга байланыштуу эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуу жана Кыргызстандын аскер кызматкерлерин Пакистан Ислам Республикасына Пакистандын аскердик окуу жайларында окууга жөнөтүү өңүтүндө Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде К.Баджва аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында кыргыз тарабы менен мындан ары да натыйжалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий