• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КР менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кечээ, 30-ноябрда Кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын премьер-министринин соода жана инвестиция боюнча федералдык министр даражасындагы кеңешчиси Абдул Разак Дауд менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн абалын жана келечегин кеңири талкуулашты, ошондой эле экономикалык чөйрөдө эки тараптуу байланыштарды арттыруу боюнча мындан аркы аракеттердин алгоритмин макулдашты.

Элчи У.Тотуяев Пакистан тарапка учурда Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана ички саясий абал тууралуу кеңири маалымат берип, өлкө жетекчилиги тарабынан чет элдик инвесторлорду коргоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Тараптар ошондой эле ВСП+ макамынын болушун жана Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен эки өлкөнүн түрдүү тармактарда, анын ичинде айыл чарба, тамак-аш кайра иштетүү, энергетика, текстиль жана фармацевтика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу потенциалын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы бардык деңгээлдеги соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий