• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан менен Пакистандын парламенттеринин ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. 13-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Пакистан Ислам Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында, аталган өлкөнүн Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Сардар Аяз Садик менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки мамлекет ортосундагы маданий-гуманитардык, саясий-экономикалык алакалардын азыркы абалы тууралуу баарлашып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу багытында пикир алмашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков кыргыз парламенттик делегациясынын Пакистанга жасалган алгачкы иш сапары эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына туура келип жаткандыгын белгилеп: "Бул иш сапар парламенттер аралык байланыштарды кеӊейтүүгө жакшы шарт түзүү менен бирге ар тараптуу кызматташтыкты тереӊдетүүгө жасалган чоӊ кадам болоруна ишенем", - деди.

Ошондой эле Пакистан Азиядагы парламенттик демократиялык багытта өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири экенин баса белгилеген Чыныбай Турсунбеков: "Аталган жолду тандап алган Кыргызстан үчүн Пакистандын тажрыйбасы үлгү. Маселен, парламенттик достук топторунун ишин колдоого алуу аркылуу, Жогорку Кеӊеш менен Улуттук Ассамблея ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты арттыра алабыз",- деп билдирди. Айрыкча, парламенттик комитеттердин жана Аппараттын ишин жакшыртуу багытында тажрыйба алмашуу өнөктүгүн ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду.

Андан тышкары, Пакистан, Кытай, Кыргызстан жана Казакстан мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн транзиттик транспорт (QTTA) боюнча келишимге ылайык мерчемделген "Кытай-Пакистан Экономикалык коридор (CPEC)" долбоорун тез арада ишке ашыруу аркылуу эӊ кыска деӊизге чыгуучу жол ачыларын айткан Төрага, Европалык экономикалык алкактагы соода алакалардын кеӊейишине жакшы шарт түзүлөрүн кошумчалады. Ал эми СASA 1000 долбоорун жакынкы аралыкта бүткөрүлүшү менен көп маселелер чечилерин билдирип: "Ушул сыяктуу ири долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу эки өлкөнүн кызматташтыгын жакшыртууга болот", - дейт Чыныбай Турсунбеков.

Өз кезегинде Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Сардар Аяз Садик бардык жааттагы кызматташтыкты арттыруу керектигин белгилеп: "Парламенттер аралык байланыштар келечектеги мамилелерге пайдубал болуп берет", - деди. Ошондой эле быйыл Пакистанда өтө турган Экономикалык Кызматташтык боюнча Парламенттик Уюмдун (ПАЭКО) кезектеги жыйынына Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбековду да катышып берүүнү өтүндү. Жооп катары Чыныбай Турсунбеков кесиптешин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Сапардын алкагында Жогорку Кеӊеш менен Пакистан Улуттук Ассамблеясынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Мындан сырткары, жолугушуунун урматына карата Исламабаддагы парламенттик имараттын алдына бак тигүү иш-чарасы болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий