• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-декабрында Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Махдум Шах Махмуд Куреши менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптардын сүйлөшүүсү пакистан тараптын демилгеси менен болгон.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу мамилелерин кеңири талкуулап, кызматташууну саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө, коопсуздук жаатында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан башка чөйрөлөрдө өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Мындан тышкары, тараптар Афганстандагы учурдагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Министр Казакбаев Афганстан элине ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселеси абдан актуалдуу экендигин белгиледи. Гуманитардык кризистин мындан ары да күч алышына жол бербөө үчүн бул мамлекеттин элине финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында афган өкмөтү менен конструктивдүү байланыштарды түзүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Пакистандын тышкы иштер министри Ш. Куреши гуманитардык жардам көрсөтүүдө жана Афганстанда тынчтык менен туруктуулукка жетишүүгө көмөктөшүүдө мусулман мамлекеттеринин ролун белгиледи. Ушуга байланыштуу ушул жылдын 19-декабрында Исламабад шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз отуруму уюмдун мүчөлөрү үчүн маанилүү иште позитивдүү салым кошот деген ишеничин билдирди.

Казакбаев Кыргыз Республикасынын Афганстандын бакыбаттыгына жана өнүгүүсүнө багытталган бардык эл аралык демилгелердин колдоого даяр экендигин билдирип, афган жергесиндеги туруктуулук жалпы аймактын туруктуулугунун негизи экендигин белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар ыңгайлуу убакта өз ара иш сапарларды өткөрүүгө чакыруулар менен алмашты.

Пикир

Оставить комментарий