• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Россия айыл чарба продукцияларын жеткирүүдө кызматташат

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Россия Федерациясынын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, анын ичинде Кыргызстанга айыл чарба продукцияларын жана Кыргызстанда айыл чарба коопсуздугун камсыздоо максатында, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү үрөндөрүн, анын ичинде буудай, арпа, рапс, жасмык, соя жана башкалардын үрөндөрүн жеткирүү боюнча маселелерди талкуулады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүгүү министрлиги менен Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин ортосунда Айыл чарба продукцияларын жеткирүүдө кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Меморандумду ишке ашыруу тараптардын мамлекеттеринин жеке товар ташуучулары “Бириккен Дан компаниясы” менен бирге жүзөгө ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий