• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Россия билим берүү тармагындагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруусу керек - ЖК депутаты

Коом 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Россия билим берүү тармагындагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруусу керек. Бул тууралуу "Россия жана Кыргызстандын жаштары: кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү" аталыштагы конференцияда Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова билдирди.

Анын айтуусунда, активдүү өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жаштарга басым жасоодо, анткени, бул келечекке болгон инвестиция.

"Ар бир өлкөнүн саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири - бул жаштарды өнүктүрүү. Албетте, Кыргызстан да алардын катарына кирет. Жаштар саясаты тармагындагы кызматташуу буга түрткү берет. Биз көптөгөн эл аралык уюмдарга киребиз, ошондуктан да билим берүү тармагында кызматташуу абдан маанилүү. Муну жаңы деңгээлге чыгаруу керек. Тема абдан маанилүү".

Депутаттын айтуусунда, спорт, туризм жана бизнес боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу керек.

"Азыркы учурда ачык маалымат аянтында негатив көп, ошондуктан, ушул өңүттөгү долбоорлор керек", - деди ал.

Белгилей кетсек, аталган форум Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий