• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Россия биргеликте бизнес-инкубатор түзөт

Экономика 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Кыргызстан жана Россия жаш лидерлеринин форумунда биргеликте бизнес-инкубаторду түзүү боюнча резолюция кабыл алынган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР республикалык жаштар конгрессинин координатору Нурсултан Кубанов билдирди.

Аталган форум 26-30-июль күндөрү Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өткөн.

"Форумдун жүрүшүндө көптөгөн жагымдуу учурлар болду. Акыркы жылдары биз баардык багыттар боюнча динамикалуу түрдө өнүгө баштадык. Конгрессте кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду, андан тышкары КР менен РФнын ортосунда биргеликте бизнес-инкубаторду түзүү боюнча резолюция кабыл алынды. Кыргызстан үчүн бул жакшы тажрыйба болот. Анткени, биз көптөгөн документтерге мамлекеттик деңгээлде кол коюлуп, кичи жана орто бизнес өнүкпөй келет деп сындап келебиз. Мындай өңүттөгү маселелерди чечүү үчүн ушундай долбоорлор керек", - деп кошумчалады Кубанов.

Пикир

Оставить комментарий