• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Россия гидрометерология жаатында кызматташат

Саясат 0

Бишкек, 05.06.21. /Кабар/. Ушул жылдын 5-июнунда Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат менен КРнын Экономика жана финансы министрлигинин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин Россия Мамлекеттик гидрометеорологиялык университетинин ректору Валерий Леонидович Михеев менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөзкызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, экологиялык күн тартибинин алкагында тийиштүү маалыматтар берилип, окуу процессин уюштуруу, эл аралык ишмердүүлүк жана чет мамлекеттер менен байланыш боюнча университеттин иши баса белгиленди.

«Сүйлөшүүлөрдө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы күрөшүү, атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу жана энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Билим берүү мекемесинин кадрларды даярдоо, анын ичинде Россия Федерациясындагы Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун Аймактык окуу борборунун базасында биргелешип иштөөгө даярдыгы баса белгиленди»,-деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Россиянын Мамлекеттик гидрометеорология университети 1930-жылы бул профилдеги дүйнөдөгү биринчи билим берүү мекемеси катары негизделген. Түзүлгөндөн бери университет 60 миңге жакын жогорку кесипкөй метеорологдорду даярдады. Университеттин курамына 4 окуу жана 6 илимий институт, 32 кафедра, 7 илимий лаборатория, практикалык базалар, окуу жана илимий станциялар ж.б. кирет.

Пикир

Оставить комментарий