• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Россия түштүктө соода-логистикалык борборлорду түзүүнү пландап жатат

Аймак 0

Бишкек, 26.01.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Россия республиканын түштүгүндө соода-логистикалык борборлорду түзүүнү макулдашышты. Ал борборду Өзбекстан менен биргеликте ишке ашыруу каралууда.

Жакында Кыргызстан менен Россиянын экономика министрликтеринин видео конференциясы болгон. Ага КРнын экономика министри Олег Панкратов жана РФнын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Сергей Горьков жана башкалар катышкан.

Конференциянын алкагында энергетика, билим берүү, унааларды жана товарларды жеткирүү, өнөр-жай, айыл чарба, миграция маселелери талкууланган.

Ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө соода-логистикалык борборун түзүү макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий