• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстан менен Россиянын укук коргоо органдары кызматташат

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда КР Ички иштер министрлигинин имаратында министрдин орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиев менен Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси-кичи элчиси Вадим Гусев жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Уланбек Султанов, аталган кызматтын кинологиялык борборунун начальниги Сергей Брюзгин катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо ишмердүүлүгү багытында кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү учурдагы көп тараптуу байланыштардын кеңейишине оң таасирин тийгизет деп белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар көп жылдар бою түзүлгөн достук мамилелер эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишенимин билдиришти.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий