• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Россиянын ишкерлери биргелешкен бизнес-форум өткөрүшүүдө – эмнени талкуулап жатышат?

Экономика 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Бишкекте кыргыз-орус бизнес форуму эки өлкөнүн рыногунун негизги оюнчуларынын катышуусунда старт алды. Форум «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Аталган экономикалык аянтчада ишкерлер Евразия экономикалык биримдигинин интеграция алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Россиянын жана Кыргызстандын ишкерлеринин ортосундагы биргелешкен бизнес-долбоорлорду издөө үчүн тегерек үстөлдөр уюштурулуп, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт. Форумдун ишинде негизги багыттар айыл-чарба, машина куруу, жеңил өнөр жай жана туризм болот.

Форумдун ишинин жыйынтыгында Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондуна приоритеттүү биргелешкен долбоорлор түзүлсө, фонд 4 пайыз жылдык доллар менен жеңилдетилген каржылоо берет.

Форумга 200дөн ашуун алдыңкы ишканалардын негиздөөчүлөрү жана топ менеджерлери катышууда. Арасында Россиянын РосАгроМаркет, УралХим, Северсталь, ООО «ЕвроХим Трейдинг Рус», АО «Русская кожа», ООО ТД «Южно-Уральский Весовой Завод», ООО «Машиностроительная Компания КРАНЭКС» сыяктуу ири компаниялары бар.

Пикир

Оставить комментарий