• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын жабылуу аземин 2021-жылга жылдыруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын жабылуу аземин 2021-жылга жылдыруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отурумунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал пандемияга байланыштуу бир катар иш-чаралар өтпөй калганын айтып өттү.

"Бирок ал иш-чараларды ишке ашырабыз деп ойлойм", - деди ал.

Асрандиев Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук кайчылаш жылдын жабылуу аземин 2021-жылга жылдырууну сунуштаганын билдирди.

Ал эми Алексей Оверчук кайчылаш жылдын алкагында 220дан ашык иш-чара пландалып, анын көбү өткөрүлбөй калганын белгиледи.

"Биз биздин мекемелерге азыркы кырдаалда эмне кылууга болорун карап чыгууну жана кайчылаш жылдын жабылуу аземин 2021-жылга жылдырууну сунуштап жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий