• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын жабылыш аземи күз айларында өтүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 14.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россия Федерациясынын президентинин Эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путиндин ортосундагы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылынын алкагында пландаштырылган 200гө жакын иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө келишимдерди жүзөгө ашырууну талкуулашты.

Ошондой эле Россиянын алдыңкы жамааттарынын республиканын аймактарына концерттик турларын уюштуруу маселеси талкууланды.

Эки өлкөнүн кайчылаш жылынын жабылыш аземи Россиянын чыгармачыл жамааттарынын, көркөм өнөрдүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн катышуусунда 2021-жылдын күз айларына пландаштырылган.

Элчи Гүлнара-Клара Самат кайчылаш жылынын жабылышынын жыйынтыктоочу концерттик программасына көрүнүктүү советтик композитор Д.Шостаковичтин Кыргызстанга арналган «Кыргыз жана орус темаларындагы увертюралар» чыгармасын киргизүүнү суранды.

Маалымат үчүн: «Увертюралар» алгачкы жолу Москвада СССРдин Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин аткаруусунда 1963-жылдын 10-октябрында москва композиторлорунун чыгармачылыгын ачылышында ойнолгон, дирижер К.К.Иванов (Москва консерваториясынын чоң залы).

Пикир

Оставить комментарий