• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын маданият тармагындагы ЖОЖдору кызматташууга кол коюшту

Маданият 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. 12-октябрда Д,С. Лихачев атындагы Россиянын маданий жана табигый мурастар боюнча илимий-изилдөө институту менен Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ортосунда кызматташуу келишими кол коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, документ кызматташтыктын негизги багыттарын, илимий, билим берүү жана маданият тармагындагы тараптардын стратегиялык өнөктөштүгүнүн формаларын аныктайт. Алардын арасында биргелешкен иш-чаралар, илимий долбоорлордун үстүндө иштөө, илимий кадрларды даярдоо жана башкалар бар.

Жолугушууга директордун орун басары - Мурас институтунун дүйнөлүк мурас жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Надежда Филатова, аспирантура бөлүмүнүн башчысы Елена Дерябина, директордун кеңешчиси Сергей Житенев, Социомаданий жана туризм борборунун улук илимий кызматкери жана башкалар катышты.

Келишимге илимий-изилдөө институтунун директору Владимир Аристархов жана университеттин ректору Мамашарип Чотонов катышуусунда кол койду.

Пикир

Оставить комментарий