• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жүргүнчү ташыган темир жол каттамы жанданат

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын эл аралык каттамда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддеринин кыймылы кайра жанданды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

1.Бишкек-Самара каттамы 8-июндан баштап, Бишкектен жумасына эки жолу шаршемби жана жума күндөрү жөнөйт;

2.Бишкек – Казань каттамы 6-июндан баштап, Бишкектен дүйшөмбү күндөрү, жумасына бир жолу;

3.Бишкек-Новосибирск каттамы 9-июндан баштап Бишкектен 8 күндө бир жолу каттайт.

"Кыргыз темир жолу" билет сатуунун ачылышы боюнча кошумча маалымдай тургандыгын билдирди.

Урматтуу жарандар, эл аралык каттамдардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерде жүрүүдө COVID-19 чектөөлөрү боюнча Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек араларын кесип өтүү тартибие эске алыңыздар:

2022-жылдын 23-майына карата Казакстандын жана Россиянын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарындагы чектөө чаралары жөнүндө жүргүнчүлөр үчүн маалымат.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Башкы мамлекеттик дарыгеринин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 21 буйругун аткаруу үчүн поездге түшүү үчүн COVID-19га карата ПЧР методу менен алынган тесттин терс жыйынтыгы менен (казак, орус же англис тилдеринде), берилген күндөн тартып Казакстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда 72 саат өтпөгөн маалымкат (мындан ары - маалымкат) талап кылынат.

Маалымкатты көрсөтүүсүн талап кылынбагандар:

1. Беш жашка чейинки балдар, аларды коштоп жүргөн адамдарда маалымкаты бар болсо;

2. Казакстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын мүчөлөрү;

3. Локомотив жана поезд бригадаларынын экипаждары;

4. Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда Казакстан Республикасында ревакцинацияны же COVID -19га каршы эмдөөнүн толук курсун алган адамдар, эгер экинчи компонентти алгандан кийин 6 айдан ашык убакыт өтпөсө, буларды тастыктоочу документти көрсөтүү менен;

5. Казакстан Республикасынын аймагында жарактуу деп таанылган COVID-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө паспорт/сертификат/маалымкатты көрсөткөн адамдар.

Казакстан Республикасынын аймагына ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймагынан, ошондой эле Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймагынан келген адамдар Маалымкатты көрсөтүшөт, анын ичине «Путешествую без COVID – 19» мобилдик тиркемесин колдонуу да кирет.

Россия Федерациясынын темир жол транспортунун Башкы санитардык врачынын 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 2 буйругун аткаруу үчүн, поездге отургузуу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынан жана темир жол транспортунда ташуу иштери менен байланышкан адамдарды кошпогондо, жүргүнчүлөр - чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдарда COVID-19га карата ПЦР методу менен, РФ аймагына келгенге чейин эки календардык күндөн эрте эмес алынган анализдин терс жыйынтыгы тастыкталган учурда жүргүзүлөт, анын ичине «Путешествую без COVID – 19» мобилдик тиркемесин колдонуу да кирет.

Кыргыз Республикасына кирүүгө негизинен алып караганда эч кандай чектөөлөр жок.

Урматтуу жүргүнчүлөр, эл аралык байланышта жүргүнчүлөрдү ташуу жөнүндө учурдагы Келишимдин 40-беренесине ылайык, КМШга мүчө мамлекеттерде, Грузияда жана Балтика өлкөлөрүндө анын жеке эрежелерин колдонууну эске алуу менен:

«Жүргүнчү, багажды же жүктү жөнөтүүчү жана алуучу эл аралык ташууда темир жол транспорту менен жүрүүдө белгиленген паспорттук жана административдик (анын ичинде визалык), бажылык жана башка өзүнө карата да, колундагы багаж, жүк багажы жана ташылган үй жаныбарларына карата да эрежелерди сактоого милдеттүү. Ташуучу темир жол транспорту чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде белгиленгендерди кошпогондо, бул эрежелердин сакталышын контролдоого укугу жок жана жүргүнчү, жүк жөнөтүүчү, жүктү-багажды алуучу тарабынан бул эрежелердин сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Ошондуктан, мамлекеттик чек ара көзөмөлүнүн компетенттүү органдары тарабынан поездден түшүрүлбөшү үчүн «Кыргыз темир жолу» УК» МИ жүргүнчүлөргө каттамда жана Казакстандын жана Россиянын мамлекеттик чек араларын кесип өтүүдө чектөөчү санитардык иш-чаралардын эрежелерин сактоону сунуштайт.

Ошондой эле, өз өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарына жол жүрүүдө жол жүрүү документтерин сатып алардан мурун, Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына кирүү эрежелери менен таанышуу керек.

Сурап билүү телефондору (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40.

Пикир

Оставить комментарий