• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-майда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин (Росавиация) Федералдык аба транспорту агенттигинин жетекчиси Александр Нерадько менен жолугушту. Бул тууралуу РФдагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстанда санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруунун фонунда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы туруктуу каттамдардын санын көбөйтүү жана россия тарабынын талаптарына жооп берген калктын жаңы коронавирус инфекциясын жугузуусу 1ден төмөн деңгээлдеги көрсөткүчү боюнча маселелер талкууланды.

Туруктуу каттамдар тууралуу маселелерден тышкары, мамлекеттердин ортосундагы чартердик рейстердин жүгүртмөсү, Кыргыз Республикасынын «СOVID-19суз саякаттоо» мобилдик тиркемесине кошулуусун эске алуу менен жолугушууда ыкчам маалымат алмашуу жана Кыргызстандан Россиянын шаарларына учуу географиясын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Россия тарабы Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын россиянын «Роспотребнадзору» менен бир кыйла активдүү иштешүүсүнүн зарылдыгын, ошондой эле жаңы коронавирус инфекциясы үчүн Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан ПЧР тесттеринин санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын февраль айында Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген эң жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий