• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Өкмөтүнүн башчысына колдоо көрсөткөнү, коронавирусту аныктоо үчүн тест-системаларды бергенине ыраазчылык билдирди.

Тараптар жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн кыйла натыйжалуу чараларды көрүү максатында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөштө бири бирин мындан ары да колдоого жана зарыл болгон ыкчам маалыматтар менен алмашып турууга даярдык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий