• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо министрлери Нью-Йоркто жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Россиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова менен Нью-Йорк шаарында жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын алкагында өткөн.

Жолугушуу маалында министрлер, эки өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуусу тууралуу сөз кылып, КР менен РФнын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы саламаттык сактоо жана медицина тармагында кызматташуу боюнча макулдашуусун жаңылоону макулдашышкан.

Чолпонбаев россиялык кесиптешине кайрылып, эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык кызматтарды жеткиликтүү кылуу маселесин, ошондой эле кургак учук жана ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандарды дарылоо маселесин карап чыгууну суранган.

Пикир

Оставить комментарий