• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Россиянын шаарларынын кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин, ошондой эле Бишкек, Москва, Санкт-Петербург шаарларынын жана Россия Федерациясынын башка аймактарынын ортосундагы кызматташуу программаларын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Өз кезегинде элчи Бишкек шаарынын мэрине кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, РФнын башка шаарлары менен достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий