• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-августта, Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштерр министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматына караганда, маектешүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары жана келечектери боюнча, анын ичинде, жакын арада Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда регулярдуу авиакаттамды жандандыруу тууралуу пикир алмашышты.

Министр Ч.Айдарбеков коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамдары, Кыргызстанда коронавирустун жайылуусунун активдүү фазасы мезгилинде баа жеткис практикалык жана консультативдик жардам көрсөткөн россиялык дарыгерлерди жөнөткөндүгү үчүн россия тарабына ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында пландалган бардык иш-чараларды ишке ашырууга, эки өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусуна жараша кыргыз-орус кызматташтыгынын бардык комплексин мындан ары интенсификациялоого тараптар үмүт артышаарын билдиришти.

Мындан тышкары, региондук жана эл аралык саясат маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий