• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын ТИМдери ортосундагы 2020-2021-жылдарга кызматташуу Программасына кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Кечээ, 27-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, эки тараптуу союздаш мамилелерди бекемдөө үчүн ушул жылы орун алган иш-чаралар менен сапарлардын өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министр Айдарбеков Сергей Лавровду ага Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору Ардактуу мантиясы ыйгарылышы менен куттуктады жана С.Лавровдун угучуулардын алдында окуган мазмундуу жана кызыктуу лекциясын белгиледи.

Министрлер эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун биргелешкен ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктаган Кыргызстан менен Россиянын ТИМдери ортосундагы 2020-2021-жылдарга кызматташуу Программасына кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий