• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне талкууланды?

Саясат 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-майда Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүдө кыргыз-тажик чек арасындагы учурдагы кырдаал талкууланды.

Министр Казакбаев 28-30-апрелинде чек арадагы окуялар жана Баткен облусундагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ал кыргыз тараптын Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жогорку деңгээлдеги жетишилген келишимдерди аткарууга ниети бар экендигин баса белгиледи.

Казакбаев менен Лавров келип чыккан чыр-чатактуу кырдаалды саясий дипломатиялык сүйлөшүү жолу аркылуу гана чечүү керек деген бир пикирде болушту.

Лавров белгилегендей, Россия Кыргызстандын чек ара аймагындагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп турат жана кыргыз тараптын окуяны жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерин кубаттайт. Ал Россиянын кырдаалды мындан ары турукташтырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана жаңжалдан жапа чеккен Баткен облусунун жашоочуларына жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрлери жакынкы аралыкта алдыдагы тышкы саясий иш-чаралардын графигинин алкагында жолугушууларды уюштурууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий