• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-августунда Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери кыргыз-россия мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашып, Афганистандагы аскердик-саясий абалдын курчушун эске алуу менен эл аралык жана аймактык маселелер жана ошондой эле абалдын мындан ары курчушу учурунда жарандарды эвакуациялоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, тараптар Бишкек шаарында жайгашка «Технопарк» оюн-зоок борборунда Кыргыз Республикасынын жараны жана бул мекеменин кызматкери, орус улутундагы Кыргыз Республикасынын жаранынын катышуусунда болгон окуяны талкуулашты.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалымат тутумуна КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен катталгандыгы тууралуу маалымат россия тарабына берилди. Ушул жылдын 12-августунда бул окуя боюнча шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгендиги жана сот анын баш коргоо чарасын тандай тургандыгы белгиленди.

Министр Р.Казакбаев кыргыз тарабы улутчулдукка негизделген агрессиянын бардык учурларын айыптай тургандыгына маектешинин көңүлүн бурду. Ал белгилегендей, Кыргызстанда да, Россияда да болушу мүмкүн болгон мындай аракеттерге, ким жасаганына карабай, тийиштүү баа берилип, эки тараптуу мамиледе терс кесепеттерди болтурбоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүү керек.

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын айрым депутаттары бул окуяга жооп кайтаруу чараларынын бири катары мындай аракеттерге жол берген адамдардын Россияга кирүүсүнө тыюу салууну сунуштаганына өкүнүчүн билдирип, Р. Казакбаев айрым россия саясатчыларынын мындай билдирүүлөрү эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларына таасир тийгизбеш керек экендигин белгиледи.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын тышкы саясат ведомствосунун башчысы тиричилик окуялар Россияда да болуп жатканына көңүл буруп, тиричилик мүнөздөгү улутчулдуктун айрым учурлары орус бийлиги тарабынан Кыргызстандагы этникалык орустардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын системалык бузуулары жана жарандарды этникалык жана диний негиздеги кысым катары кабыл алынбоосу керектигин баса белгиледи.

Ошону менен бирге, министр Казакбаев Кыргызстанда русофобия жана башка агрессивдүү улутчулдуктун жоктугун, тарыхты кайра жазуу, эстеликтер жана орус тили менен күрөшүү фактылары жок экенин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, орус тили Кыргызстанда расмий тил болуп саналат жана жашоонун бардык чөйрөлөрүндө: медиа чөйрөсүндө, билим берүү системасында, саламаттыкты сактоодо жана маданий турмушта көрсөтүлгөндүгүн маалымдады.

Бул багытта ал Кыргызстандын орус тилдүү калкы руханий жана социалдык керектөөлөрүн толук канааттандыруусу үчүн орус тилинин макамын коргоо боюнча курс улана берет деп ишендирди.

Тараптар союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда өзгөчө артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болгон Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында тиричилик улутчулдукту жоюу боюнча мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий