• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан менен "Русэлпром" концерни 1,5 млрд долларлык меморандумга кол койду

Экономика 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын Инвестицияны коргоо жана илгерилетүү боюнча агенттиги россиялык "Русэлпром" концерни менен 1,5 млрд. долларлык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Ал документке кол коюу VIII кыргыз-россиялык Аймактар аралык конференциясынын жүрүшүндө болуп өттү.

"Меморандумда гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлор топтомун ишке ашыруу каралууда. Анын ичинде чакан да, ири да ГЭСтерди куруу болушу мүмкүн. Жакын арада Кыргызстанга Россиядан жумушчу топ келет. Меморандумду ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгууну баштайбыз. Так иш-аракетке өтөбүз", - деди агенттиктин директору Адылбек Шумкарбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий