• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Саксониянын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев Мамлекеттик канцеляриянын жетекчиси, Саксония Федералдык жеринин мамлекеттик министри Оливер Шенк менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу кыргыз тарабынын демилгеси менен кечээ, 12-февралда Дрезден шаарында өттү.

Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Саксониянын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын мүмкүнчүлүктөрү жана пландары талкууланды.

Өзгөчө көңүл айыл чарба жана коопертивдик системалардын өз ара аркеттенүүсүнө бурулуп, ошондой эле 2004-жылы башталып азыркы жылдарга чейин ийгиликтүү уланып жаткан, Кыргыз-Герман так информатика институту менен Батыш-Саксон так илимдер Цвиккау университетинин ортосунда ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөнүн мааниси баса белгиленди.

КРнын элчиси Эринес Оторбаев Саксониянын делегациясын жана ишкерлер өкүлдөрүн Кыргызстанда ушул жылдын июль айында боло турган Европа Бирлиги-Борбор Азия биринчи экономикалык форумуна чакырды, ошондой эле башка биргелешкен иш-чаралар боюнча пландар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий