• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Кечээ, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев Сауд Араб Падышалыгы Кыргызстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин белгилеп, эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун эске салды.

“Акыркы жылдары кызматташтыгыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлүп, айрыкча туризм тармагындагы байланыштарыбыз кеңейүүдө. Бирок бул чек эмес. Экономиканын түрдүү багыттары боюнча алаканы арттыруу башкы максатыбыз болушу керек. Анткени, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз кең”, – деди төрага.

Андан тышкары түз аба каттамдарын ачуу зарылчылыгын кошумчалаган Жогорку Кеңештин Төрагасы электрондук туристтик виза алуу шарттарын жеңилдетүүнүн да маанилүүлүгүнө токтолду.

Ошондой эле элчи Ибрахим Аль-Радинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө жогору баасын берген Нурланбек Шакиев ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Сауд Араб Падышалыгына ыраазычылык билдирди.

“Азыркы тапта эки өлкө ортосунда 20дан ашуун документтин долбоору каралууда. Мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди тез арада колдоп берүүбүз кажет”, – деди ал.

Өз кезегинде элчи Ибрахим Аль-Ради жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен да куттуктады.

Муну менен катар элчи Кыргызстан менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосундагы алакалар жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.

“Быйыл Эр-Рияд шаарында кыргыз товарларынын көргөзмөсү, эки өлкө ишкерлеринин жолугушуулары жана жогорку деңгээлдеги көптөгөн иш сапарлар уюштурулду. Ошондой эле жылдан-жылга Сауд Арабиядан Кыргызстандын кооз табиятына кызыгып келген туристтердин саны көбөйүүдө”, – деди.

Мындан тышкары, соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттыруу, инвестиция тартуу жаатындагы пикирлери менен бөлүшкөн Ибрахим Аль-Ради Нурланбек Шакиевди Сауд Араб Падышалыгына расмий иш сапар менен барууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий