• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстан менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Файсал бин Фархан Аль Сауд телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Андан тышкары, азыркы регионалдык жана эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий