• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Сауд Арабиянын КРдагы элчиси Абдурахман Аль-Жума менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Н.Ниязалиев эки өлкө ортосундагы түз аба каттамын ачуу маселесин тездетүүнүн маанилүүлүгүн билдирип, санитардык талаптарды сактоо менен Сауд Арабиясына барган кыргызстандык зыяратчыларга жагымдуу шарттарды түзүү маселесине көңүл бурду.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий