• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Адель бин Ахмед Аль Жубейр менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 1-мартта Эр-Рияд шаарында өткөн.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташуунун жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар бийик деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуу жана туризмди өнүктүрүү маселелерине чоң көңүл бурушту. Ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн аракеттенүүсүнүн аспектилерине токтолуп, тараптар эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарында өз өлкөлөрүнүн талапкерлерин өз ара колдоо маселелерин карашты.

Элчи Марипов падышалык менен эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө ырааттуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын бекем ниетин билдирди.

Өз кезегинде мамлекеттик министр Адель бин Ахмед Аль Жубейр Мариповдун эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана бекемдөөгө жасап жаткан аракеттерин жогору баалап, анын дипломатиялык миссиясында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун соңунда, тараптар үзгүлтүксүз байланышта болуп, эки тараптуу байланыштарды мындан ары да чыңдоого макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий