• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 19.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын маданият министринин орун басары Фахад Аль-Канаан менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар Кыргызстанда жана Сауд Аравиясында маданият жана кино күндөрүн өз ара өткөрүү, Борбордук Азия мамлекеттеринин маданият ишмерлеринин катышуусунда биргелешкен Эл аралык жаштар форумун уюштуруу жана чыгармачыл делегациялар менен алмашуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда маданият тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюуну тездетүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.

Жолугушуунун соңунда элчи Улукбек Марипов Фахад Аль-Канаанды Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий