• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы соода жүгүртүү 4,2 эсеге өстү

Экономика 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. 15-ноябрда Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын Тышкы соода боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Мухаммад Аль-Абдульжаббар менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын тышкы соода тармагындагы кызматташтыгынын абалын жана келечегин, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү жана потенциалды натыйжалуу пайдалануу боюнча зарыл чараларды көрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Марипов Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы товар жүгүртүү 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 эсеге өсүп, 1 млн 255 миң АКШ долларын түзгөнүн канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге элчи жакында өлкөлөр ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдары ачыла тургандыгын эске алып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө биргелешкен күч-аракетти жумшоого чакырды.

Аль-Абдульжаббар кыргыз тараптын сунуштарын кубаттап, аларды илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди, ошондой эле Сауд Аравиянын Кыргызстан менен бардык тармактарда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ар кандай экономикалык жана инвестициялык долбоорлорго сауд тараптын катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, эки өлкөнүн соода байланыштарын чыңдоо үчүн кызматташууну улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий