• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан менен Сербия өзгөчө кырдаалдар жаатындагы кызматташтыкты өркүндөтүүнү талкуулады

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Сербиянын ички иштер министри Александр Вулин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жолугушууда эки өлкө ортосундагы өзгөчө кырдаалдар жаатында кызматташууну өркүндөтүү, жакшыртуу боюнча пикир алмашуу орун алды.

Александр Вулин эки өлкө ортосундагы өзгөчө кырдаалдар жаатындагы кызматташтыкты өркүндөтүү тууралуу министр Бообек Ажикевдин демилгесине ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу эки тараптуу кызматташууну жаңы тепкичке көтөрөөрүн, өзгөчө кырдаалдарды натыйжалуу башкарууну жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтууга жакшы натыйжа берээрин баса белгиледи.

Ички иштер министри Александр Вулиндин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын ӨКМ министри Бообек Ажикеев Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн келген качкындарды кабыл алуу лагеринин иши менен таанышып чыкты.

Министр ошондой эле 2012-жылы түзүлгөн орус-серб гуманитардык борборунун иши менен таанышты. Бул борбор Сербияда, ошондой эле Европа өлкөлөрүндө ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдар учурунда гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн демилгеленген. Борбордо жабыркаган калкка жардам көрсөтүү үчүн товардык жана материалдык баалуулуктар топтолгон. Борбор Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун механизминин негизинде түзүлгөн, анын негизги донору Россия Федерациясынын өкмөтү болгон.

Министр Бообек Ажикеев өз кезегинде Сербиянын ички иштер министри Александр Вулинге жылуу кабыл алуусу жана Сербия-Россия гуманитардык борборунун иши менен таанышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий