• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Швейцариянын президенттери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 21.09.22./Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Швейцария Конфедерациясынын президенти Иньяцио Кассис менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттер үчүн эки тарапка тең пайдалуу болгон бардык багыттар боюнча кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал талкууланды.

Эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров кыргыз тарап Швейцария менен саясий диалогду активдештирүүгө кызыкдар экендигине көңүл бурду. Мындан тышкары, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында кызматташууга карата Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана бардык деңгээлдеги туруктуулукту жогорулатуу маселелерине чоң маани берет.

Ал Швейцариядагыдай эле Кыргызстанда да мөңгүлөрдүн эриши бүтүндөй аймактын суу-энергетикалык балансына таасирин тийгизип, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү коомдук-саясий кырдаалга таасирин тийгизери шексиз экенин белгиледи.

Чек арадагы кырдаал тууралуу сөз кылып, президент Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун баса белгиледи.

Өз кезегинде Швейцариянын президенти Иньяцио Кассис эки тараптуу жакшы мамилелерди чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү ниетин баса белгиледи. Ал президент Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүнүн башынан бери баштап келе жаткан бардык демократиялык демилгелерин колдоого даярдыгын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Иньяцио Кассис мамлекет башчысына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу көңүл айтты.

Ал ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы боюнча кеңири маалымат үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий